Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 11-ноябрында Чүй облусунда «Төмөнкү-Чүй — автожол» жаңы эл аралык өткөрүү комплексин куруунун салтанаттуу ачылыш церемониясы өттү. Иш-чара учурунда курулуш капсуласын салуу салтанаты болуп, бул мамлекеттик чек арадагы инфраструктураны модернизациялоо кадамы болуп саналат.
Иш-чарага Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана долбоорду ишке ашырууга тартылган уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Бул курулуш Садыр Жапаров тарабынан коюлган чек ара инфраструктурасын заманбап деңгээлге жеткирүү жана эл аралык ташуулардын катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырманын алкагында ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — мамлекеттик чек арадан өтүүнү жарандар үчүн максималдуу түрдө ыңгайлуу, тез жана коопсуз кылуу, транспорт каражаттарынын жана жүк илгерилетилишин тоскоолдуксуз камсыздоо, ошондой эле чек ара контролунан өтүү убактысын кыскартуу болуп саналат.
Бул өткөрүү пунктунун курулушу өлкөбүздүн ири инфраструктуралык долбоорлорунун бири экенин айтсак ашабайт. Биздин негизги максатыбыз — жарандардын кызыкчылыгы жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүү.
















