Парламент депутаты Жаныбек Болотбекович Абиров Ленин районунун шайлоочулары менен жолугушууда аймактын өзгөчө абалына токтолду. Акыркы административдик реформадан кийин Ленин району калкынын саны боюнча өлкөдөгү эң чоң райондордун бири болуп калган. Калктын көптүгү менен бирге социалдык инфраструктурага болгон суроо да өсүп жатат.

Депутаттын айтымында, мектептердин, бала бакчалардын жана балдар аянтчаларынын жетишсиздигинен сырткары, шаар тургундарын дагы бир катар маселелер тынчсыздандырууда.

  • Коомдук транспорттун жетишсиздиги
  • Абанын булганганы
  • Жол тыгындары

Абиров бул маселелерди чечүү үчүн Бишкек мэриясы атайын программаны кабыл алганын белгиледи. Бирок, ал комплекстүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир гана мамлекеттик тараптын эмес, шаардыктардын жана коноктордун да биргелешкен аракети керек экенин баса белгиледи.

Бул маселе жалпы шаардыктар менен конокторунун жол эрежесин сактоосу, биргелешкен жалпы аракеттери менен гана чечилет.
Жаныбек Абиров

Ошондой эле, эски аба майданынын аймагында балдар аянтчасынын ачылышы шаар тургундары үчүн жакшы жаңылык катары белгиленди.