Кыргызстандагы автоунаалардын 50 пайызынан ашыгы камсыздандырууга киргизилген. Бул тууралуу «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында «ГСО» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.
2026-жылдын 13-ноябрына карата ОСАГО (автоунаалардын милдеттүү камсыздандыруусу) боюнча 171 миллион сомдон ашык төлөм жүргүзүлгөн.
1 680 сом милдеттүү камсыздандыруунун баасы
Автоунааны милдеттүү камсыздандыруунун баасы 1 680 сомдон башталат. Төлөмдүн өлчөмү унаанын мүнөздөмөлөрүнө жараша аныкталат.
Мындан тышкары, КАСКО түрүндөгү ыктыярдуу камсыздандыруу кызматы да бар. Анын баасы унаанын наркына жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнө жараша жекече эсептелет.










