Каракол шаарында коомдук тамактануучу жайдын имаратында өрт чыкты. Окуя Ж. Жусаев жана Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жанып жаткан жердин видеосун күбөлөндөр интернетке жайып жатышат.
Ысык-Көл облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттү өчүрүү иштери ийгиликтүү аяктаган.
Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын билдирүүсүндө белгиленгендей, өрттү өчүрүү боюнча маалымат 13-ноябрда келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:40да Каракол шаардык №15 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн бир өрткө каршы эсеп тартылган. Өрт саат 11:40да толугу менен өчүрүлгөн.








