Токтогул көчөсүндө, Абдрахманов менен И. Айдарбеков (мурунку Молодой Гвардия проспектиси) көчөлөрүнүн ортосунда велосипед жолдорун жабдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу борбор калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы жолдук белгилерди чийип, велосипед жолун негизги жолдон бөлүп турган атайын делиниаторлорду орнотууда.
Бул чаралар жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жогорулатууга, шаар ичинде кыймылдоону коопсуз кылууга жана борбор калаанын велосипед инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.














