2026-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиев Октябрь районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга райондун акими Жолдошбек Чуштуков, шаардык кызматтардын жана структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышты.

Тургундар районду өнүктүрүү, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.

  • Коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү жана аялдамалардын абалы
  • Жол инфраструктурасын жакшыртуу
  • Балдар оюн аянтчаларын куруу жана оңдоо
  • Жер амнистиясы
  • Автобус каттамдарын оптималдаштыруу

Тургундардын сунуштары, пикирлери жана кайрылуулары угулду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине айтылган маселелерди кылдат карап чыгуу жана аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Мындай жолугушуулар шаар тургундары менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда түздөн-түз диалог түзүүгө, жер-жерлердеги актуалдуу көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды өз убагында чечүүгө өбөлгө түзөт.
Бишкек мэриясы