Балыкчы шаарында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чоң масштабдагы иштер жүрүүдө. Бул иштерди каржылоо үчүн 2,2 млрд сом каражат каралган. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда маалымдалды.

Мамлекет башчыга берилген маалыматка ылайык, бөлүнүп берилген каражаттардын алкагында 2025-2026-жылдары шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган 65 долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Иш-чараларды каржылоо төмөнкү булактардын эсебинен ишке ашырылат:

  • Республикалык бюджет
  • Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду
  • Жергиликтүү бюджет