Жалал-Абад облустук жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Сузак жана Ноокен райондорунун аймагында жаратылыш ресурстарын пайдалануу эрежелерин сактоо максатында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Сузак районундагы Көк-Арт дарыясынын өндүрүштүк аймагынын төмөнкү бөлүгүндө оор техниканы колдонуу менен кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казуу фактысы ырасталды. Мыйзам бузууга жол берген тарапка 13 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, Ноокен районунун Арал айылындагы Кара-Үңкүр дарыясында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок кум-шагыл аралашмасын казуу фактысы аныкталды. Бул факты боюнча укук бузуу протоколу түзүлүп, айыпкерге 13 миң сом айып пул дайындалды.
Рейддердин жүрүшүндө мыйзам бузууга жол берген жарандар менен жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартиби жана уруксат берүүчү документтердин зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.












