Борбордук шайлоо жана референдум өткөрүү комиссиясы (БШК) бүгүн, 6-ноябрда, бир катар участкалык шайлоо комиссияларынын жайгашкан даректерин өзгөртүү боюнча токтомдорду кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
БШК шайлоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин натыйжалуу камсыздоо максатында бир катар даректерди өзгөрттү.
Өзгөртүүлөр кайсы аймактарда?
Токтомдорго ылайык, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы, ошондой эле Ош шаарынын айрым аймактарындагы шайлоо участкаларынын чектери жана схемалары кайра каралды. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча 2025-жылдын 1-августунда кабыл алынган токтомго өзгөртүүлөр киргизилди.
Бул өзгөртүүлөр шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана участкалык шайлоо комиссияларынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында жасалды. Негиз болуп 2025-жылдын 3-июлундагы жана 11-июлундагы токтомдор эсептелет, аларда шайлоо участкаларынын схемалары жана чектери бекитилген болчу.





















