Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда дарыя нугунун агымын жөнгө салуу үчүн коргоочу шпора курулуп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан билдиришти.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, курулуш иштерине атайын техника тартылган. Бүгүнкү күнгө чейин 210 метр коргоочу шпоранын курулушу аяктап, калган бөлүгүндө иштер улантылууда.
Эмнелер корголот?
Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында дарыянын жээктерин суу каптоо жана эрозия коркунучунан төмөнкүлөр корголот деп күтүлүүдө:
- 200гө жакын турак үй
- Айыл чарба жерлери
- 2,5 чакырым автомобиль жолу
- Аэропорт
Бул көрсөткүчтөр аймактагы инфраструктуранын жана калктын коопсуздугу үчүн курулуштун маанилүүлүгүн тастыктайт.











