Кечээ, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы "Жаштык Аренада" өткөн республикалык жаштар форумуна катышты. "Кыялымдагы Кыргызстан" аталышындагы иш-чарада Төрага сөз сүйлөп, жаштарга кайрылуу жасады.

Ар бирибиздин жүрөгүбүздө кыялданган Кыргызстаныбыз бар. Ал экономикасы өнүккөн, эли бакубат жашаган, мыйзам үстөмдүк кылган, билим менен илимге таянган күчтүү мамлекет. Бирок кыялдагы Кыргызстан өзүнөн өзү курулбайт. Аны биз өзүбүз курабыз. Бул үчүн бийик максат, терең билим, талыкпас эмгек жана эң башкысы – мекенге болгон чексиз сүйүү керек.
Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин Төрагасы

Төрага ошондой эле кыргыз элинин бай тарыхына кайрылып, мамлекеттүүлүктү түптөөгө, илим-билимди жана маданиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкон тарыхый инсандардын өрнөктүү жолун улантуу азыркы муундун милдети экенин белгиледи. Ал Барсбек каган, Айкөл Манас, Жусуп Баласагын, Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмонов жана Исхак Раззаков сыяктуу улуу инсандарды эскерип, алардын урпактары майда максат менен жашоого акысы жок экенин айтты.

Бизге улуу тарых менен гана сыймыктанган эмес, өз эмгеги, билими жана жетишкендиктери менен жаңы тарых жараткан жаштар керек.
Марлен Маматалиев

Өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү

Сөзүнүн жүрүшүндө Төрага өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө токтолуп, бир катар көрсөткүчтөрдү келтирди. Анын айтымында, 2020-жылы ИДПнын көлөмү 8,3 миллиард долларды түзсө, учурда 22,6 миллиард доллардан ашкан. Өткөн жылы консолидацияланган бюджет 1 триллион сомдон ашкан.

Акыркы беш жылдагы жетишкендиктер

700балдар бакчасы жана мектеп
150 → 1500км жыл сайын курулган жолдор

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев жаштардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү маанилүү экенин айтып, келечекте дагы көптөгөн долбоорлор ишке ашарын кошумчалады. Бул иш-чара жаштардын демилгелерин колдоо жана алардын өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымын арттыруу максатын көздөйт.