Кок-Жайык жайытында жүргүзүлгөн экологиялык рейд учурунда Сеңирдик жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз таштанды жайгаштырылган жана техникалык сууга уруксаты жок жерлерде ыргытылган учурларды аныкташты.
Бул мыйзам бузуу фактылары боюнча алты административдик протокол түзүлүп, күнөөкөрлөр жалпы 62 000 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылды.
Министрликтин маалыматы боюнча, рейддин негизги максаты жайыттардын экологиялык абалын көзөмөлдөө, таштанды жана техникалык сууну мыйзамсыз ыргытууну алдын алуу, ошондой эле жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу болду.
Инспекторлор жергиликтүү калкка экологиялык мыйзамдарды сактоо, айлана-чөйрөнү таза кармоо, таштандыларды жана техникалык сууга атайын атайын белги коюлган жерлерге гана чыгарып коюу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары, экологиялык талаптарды бузгандар мыйзам боюнча административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.




















