5-ноябрда Манас шаарынын 149 жылдыгы белгиленген күнү социалдык тармактарда административдик имараттын кызматтык бөлмөсүндө кыз менен жигиттин өбүшүп жаткан видеосу тарады.

Манас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, видеодо көрсөтүлгөн жарандар Манас шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, ошондой эле башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери эмес.

Бул веб-сайттын программаларын иштеп чыгуу үчүн убактылуу кызматтык бөлмө берилген IT-адистер. Бул окуяга укуктук баа берилгенден кийин коомчулукка кошумча маалымат берилет.

Видеодо көрсөтүлгөн жарандар Манас шаарынын мэриясынын, аппараттын, ошондой эле башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери эмес. Бул веб-сайттын программаларын иштеп чыгуу үчүн убактылуу кызматтык бөлмө берилген IT-адистер.
Манас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы