Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык кызматынын инспекторлору Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Көк-Арт өрөөнүндө жайгашкан эс алуу жайларында рейдик иш-чараларды өткөрүшкөн.
Иш-чара айлана-чөйрөнү булгаган саркынды сууларды агызуунун алдын алууга, ошондой эле тиричилик таштандыларын мыйзамсыз чогултууну жана таштоону токтотууга багытталган.
Рейддин жыйынтыгында сегиз эс алуу жайына жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга жол бербөө талабы менен эскертүү каттары тапшырылды.
Ошондой эле, “Бай Кут” эс алуу жайынын аймагында тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштоо фактысы аныкталган. Бузуучуга карата административдик протокол түзүлүп, 5 500 сом өлчөмүндө айып салынган.
Мындан тышкары, “Нур Ордо” эс алуу жайынын аймагында саркынды суулардын жер бетине агып чыгуу фактысы катталган. Аныкталган мыйзам бузуу үчүн жооптуу адамга 10 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.



















