Ош облусунда кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы билдирди.
Текшерүүлөрдү аталган мекеменин кызматкерлери жүргүзүштү. Рейддердин жүрүшүндө эки учурда уруксат кагаздары жок кум-шагыл аралашмасын казуу аракеттери тастыкталды.
Папан суу сактагычындагы бузуулар
Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында инспекторлор суу объектисинин куйма бөлүгүндө кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казып жаткандарды аныкташты. Бузуу үчүн күнөөлүүлөргө 20 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, суу сактагычтын администрациясына жана Папан айыл өкмөтүнө айланасындагы аймакты таштандылардан тазалоо жана тийиштүү санитардык абалды камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле рейд учурунда инспекторлор балыкчылар арасында айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо жана балык уулоо эрежелерин сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Жазы дарыясындагы мыйзамсыз казуу
Дагы бир мыйзамсыз казуу фактысы Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагындагы Жазы дарыясынын жээгинде катталды. Бул жерде да уруксат документтери жок кум-шагыл аралашмасын казгандар аныкталды.
Бузуучуларга жалпы 40 миң сом административдик айып пул салынды. Казуу иштеринде колдонулган техника дарыянын нугунан чыгарылды.
Айып пулдар
Бардыгы болуп эки факт боюнча 60 миң сом айып пул салынды. Бардык айып пулдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык колдонулду.































