Ысык-Көл облусунда, Ак-Суу филиалында, мамлекеттик «Кыргыз Сортторду Сынап Карау Станциясы» тарабынан дыйканчылыктагы жаңы сортторду сынап көрүү жана өндүрүшкө киргизүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинардын жүрүшүндө Дыйканчылык культураларды жана бакчачылыкты экспертиза бөлүмүнүн адистери учурда мамлекеттик деңгээлде сынактын астында турган жаңы сорттор тууралуу маалымат берди. Алардын түшүмдүүлүгү, климаттык шарттарга ылайыкташуу, оорулардын жана зыянкечтердин таасирине туруштук берүү жөндөмү талкууланды.

Катышуучулар жана фермерлер Ак-Суу филиалында жүргүзүлгөн илимий-практикалык иштер менен таанышып, сынап каралган аянтчалардагы натыйжаларды көрүштү жана келечекте жүргүзүлө турган иштердин багыттарын угушту.

Семинар ачык форматта өтүп, фермерлер жаңы сортторду өстүрүү технологиясы, уруктук чарба, сорт тандоо жана мамлекеттик сынактан өткөрүү тартиби боюнча суроолорду берип, адистердин толук жоопторун жана практикалык сунуштарын алышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай семинарлар заманбап, жогорку түшүмдүү жана сапаттуу дыйканчылык сортторун өндүрүшкө киргизүүнү жогорулатууга өбөлгө түзөт.