Кыргызстандын Институт земледелиясы менен Россиянын АПК «КубаньХлеб» компаниясы Чүй облусунда жогорку сапаттагы үрөн чыгарууну, селекцияны жана агротехнологияларын өнүктүрүү максатында биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Меморандум Кыргызстандын айыл чарба министрлигинин делегациясынын Россиянын Краснодар крайындагы иш сапары учурунда түзүлдү. Делегацияга Департаменттин директору Бакыт Мамбетов жана Институт земледелиянын директору Биржан Усубалиев киришти.