Кыргызстандын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Текшерүү Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылында жайгашкан «Альфа Вайт Резорт» курорттук комплексинин аймагында өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө комплекстин аймагында конок үйлөрүнүн курулушу жүрүп жатканы, ошондой эле үч кабаттуу конок үйлөрүн реконструкциялоо жана кайра пландаштыруу иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Курулуш министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Бирок конкреттүү чаралар тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.





















