Чоң-Алай районунда немис селекциясынын KBC KASHMIR FAO 390 гибрид жүгөрүсү 3,5 гектар аянтка эксперименталдык түрдө отургузулду. Бул тууралуу 13-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Өсүмдүктөр тоолуу аймактын жогорку, орто жана төмөнкү бөлүктөрүндө тигилип, алардын абалы агрономдор тарабынан ар жуманын жыйынтыгында көзөмөлдөнүп турат.
Эксперименттин максаты — жүгөрүнүн тоолуу шарттардагы өсүү ылдамдыгын, түшүмдүүлүгүн жана мал азыгы катары сапатын баалоо. Алынган жыйынтыктар иш жүзүндө жергиликтүү фермерлерге сунушталмакчы.
Чоң-Алай районунун айыл чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул долбоор мал чарбачылыгындагы азык базаны бекемдөө жана заманбап технологияларды колдонуу аркылуу мал азыктын көлөмүн көбөйтүү үчүн ишке ашырылууда.
Район тургундары азыркыга чейин көбүнчө арпа жана буудай өстүрүшөт, бирок калктын өсүшү менен мал азыктын жетишсиздиги пайда болгон. Жүгөрү өстүрүү менен азыктык көйгөйдү чечүү максат кылынууда.
Немис гибрид жүгөрүсү бир метрге чейин өскөн, түшүм жыйноо иштери сентябрдын ортосунда пландалган.












