Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы дээрлик акыркы 40 жыл ичинде туруктуу кыйынчылыкта. Бул тууралуу Кыргыз илим изилдөө институтунун Батмабүбү Тентибаева радиодогу маегинде билдирди.
Адистин белгилешинче, тармактагы негизги көйгөйлөрдүн катарында жаш адистердин жетишсиздиги, айыл чарба техникасынын жана лабораториялык жабдуулардын жоктугу, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү каржылоо маселелери бар.
Тентибаева көпчүлүк жаштар агрардык университеттерди аяктаган соң илимий изилдөө мекемелерине келбей турганын, мунун себеби катары зарыл социалдык жана жашоо шарттарынын жоктугун белгиледи.
Ал ошондой эле идпрусство учурда азыктандыруучу өсүмдүктөрдүн жергиликтүү сортторунун саны кескин кыскарганын айтты. Совет доорунда 16дан ашуун сорттор иштелип чыккан болсо, азыркы учурда болгону 3-4 гана сорт менен иш алып барылууда.
Тентибаеванын айтымында, атайын техника жоктугу жана өндүрүш технологиясын сактабагандык селекциянын натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизип келет.










