Быйыл Чолпон-Ата шаар статусун алганына 50 жыл толду. Бирок анын тарыхы жарым кылымга узун — атактуу курорттун башаты XX кылымдын башында жатат.

Шаар куруучу ишкана

Өткөн кылымдын башында Чолпон-Атанын ордунда чакан айыл болуп, жергиликтүү уламыштар боюнча анда 15тей үй-бүлө жашаган. 1926-жылдын жазында бул жерге Биринчи Атчан армиянын мурдагы полк командири Леонид Рапопорт келген.

Ал №54 мамлекеттик жылкы заводун негиздеп, айыл тургундарына жумуш, турак-жай, жол жана жабдуу алып келген. Кийинчерээк жумушчулар азыркы Бактуу-Долонотудагы заводдун биринчи бөлүмүнө алып баруучу узундугу 5 чакырымдай теректи аллеясын отургузушкан. Көптөгөн муундар бул аллеяны Рапопорт аллеясы деп билишкен.

1930-жылдары заводдун алдында балдардын кургак учук оорусун дарылоочу биринчи санаторий ачылып, Чолпон-Атанын курорттук тарыхы ушундан башталган.

Шаардын башатында бир ири шаар куруучу ишкана турган. Экономисттер мындай ишкананы «негизги» деп аташат, себеби ал тегерегинде жумуш орундарын, жолдорду жана бүтүндөй айылды түзөт.

Союздук ден-соолук чыңдоочу жай

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Ысык-Көл Советтер Союзунун атактуу ден-соолук чыңдоочу жайларынын бирине айланган. Япониянын JICA агенттигинин баамында, советтик жылдары көлгө жылына 1,5 миллионго жакын адам келген.

Бул система бирдиктүү план менен иштеген — эл профсоюздук жана ведомстволук жолдомолор менен келген. Санаторийлерди министрликтер, профсоюздар жана союздук республикалар курушкан. Казакстан жана башка республикалар Ысык-Көлдө өз ден-соолук чыңдоочу жайларына ээ болушкан.

Шаар-курорт миңдеген эс алуучуларды кабыл алып, инфраструктурасы өсүп, аймактын өнүгүшүнө түрткү берген.