Караколдо 28-октябрда Улуттук банктын коллекциялык монеталарынын жана алтын куюлмаларынын нумизматикалык көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, иш-чараны Ысык-Көл облустук башкармалыгы «Сактык күнү – 2026» бүткүл дүйнөлүк акциясынын алкагында уюштурган.
Көргөзмөгө келгендерге улуттук валютанын калыптануу тарыхы, анын өнүгүү этаптары жана коргоо элементтери тууралуу маалымат сунушталды. Ошондой эле нумизматикалык баалуулуктар жана Улуттук банктын алтын куюлмалары көрсөтүлдү.
Көргөзмөгө келгендер улуттук валютанын калыптануу тарыхы, анын өнүгүү этаптары жана коргоо элементтери, нумизматикалык баалуулуктар жана Улуттук банктын алтын куюлмалары тууралуу маалымат алышты.
Иш-чара калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга жана улуттук валютага болгон кызыгууну арттырууга багытталган.
























