Ысык-Көл облусунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери рейд учурунда тоолуу аймакта сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларды — ак илбирсти, аркарларды жана тоо эчкилерин байкап калышты.

Бул кадрлар аймактын табиятынын байлыгын, биологиялык ар түрдүүлүгүн жана жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөсүн сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтүп турат.

Өзгөчө, ак илбирстин жана тоо туяктуу жаныбарларынын табигый шарттарда болушу тоо экосистемаларынын уникалдуулугун баса белгилеп, жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдирүүсү