Улуттук статистика комитетинин азык-түлүк коопсуздугу жана кедейлик боюнча маалыматтык бюллетендисине таянсак, өлкө боюнча тамактануунун орточо көрсөткүчтөрү региондор боюнча бир топ айырмаланат.
Кыргызстандын орточо көрсөткүчү боюнча бир адамдын суткалык калориялуулугу 2 351 ккал түзүлдү. Бул көрсөткүч адамдын суткалык муктаждыгы болгон 2 101 ккалга караганда жогору.
Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу региондордогу өзгөрүүлөр байкалууда. Мисалы, Баткен облусунда калориялуулук 2 488 ккалдан 2 247 ккалга чейин төмөндөгөн болсо, Нарын облусунда 2 262 ккалдан 2 383 ккалга чейин өскөн.
Белоктун керектөөсү
Калориялуулук нормадан жогору болгонуна карабастан, белоктун керектөөсү керектүү деңгээлден төмөн бойдон калууда. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргызстандыктар суткасына орточо эсеп менен 66 грамм белок колдонушкан, ал эми керектүү норма 73 граммды түзөт.











