27-ноябрдан Көк-Бөөр тоосу тараптан Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында болжол менен 15 тоо эчкисинен турган топ байкалган. Бул окуя Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан тартылган видеодо чагылдырылган.

Видео кадрларында жапайы жаныбарлардын тоо капталдарында эркин кыймылдап жүргөнү көрүнүп турат.

Тоо эчкилеринин мындай топ болуп көрүнүшү аймактагы табиятты коргоо иштеринин натыйжалуулугун жана экосистеманын туруктуулугун далилдейт.
Парктын кызматкерлери