Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери коруктун аймагын аралап чыгып жатканда, тоо капталдарында жүргөн үч илбирсти байкашты. Видеожазууда сейрек кездешүүчү жырткычтар тоонун бийик жерлерине карай тынчтык менен басып баратканы көрүнүп турат.

Бул окуя илбирстерди коргоо боюнча жүрүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтөт. Учурда бул жаныбарлардын негизги жашаган аймактары катары Ысык-Көл жана Нарын облустары эсептелет.

Илбирстерди изилдөө жана аларды сактоо максатында өлкөдө жаңы демилгелер да ишке ашырылууда. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында Борбордук Азиядагы биринчи «Ак илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялоо борбору ачылган.

Окуя болгон аймак
Нарын
  • Нарынская
  • Нарын

geoBoundaries, © OpenStreetMap