Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында жапайы жаныбарлардын адаттан тыш жүрүм-туруму видеого тартылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Кадрлардан аркарлар менен тоо текелеринин топтору биринин артынан бири тизмектелип, тоо капчыгайы менен жогору көтөрүлүп баратканын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш жапайы жаныбарлардын табигый чөйрөдө эркин жана токтоо жашап жатканын айгинелейт.
Министрликтен белгилешкендей, мамлекеттик жаратылыш коруктары жапайы жаныбарлардын табигый жашоо чөйрөсүн сактоодо өзгөчө роль ойнойт. Алар жаныбарлардын эркин көбөйүшүнө жана жашоосуна шарт түзөт.
Жаныбарлардын табигый чөйрөдө эркин жана токтоо жүрүшү экосистеманын туруктуулугунун жана табигый тең салмактуулуктун сакталышынын маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат.



















