Бишкек шаарында өткөн «Жаратман МУУН» форум-көргөзмөсүндө КРСУ өзүнүн заманбап технологиялык долбоорлорун сунуштады. Университеттин ректору Сергей Волков илимий-технологиялык иштелмелерди жана пилоттук долбоорлорду Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевге, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновго жана Илим, жогорку билим жана инновациялар министри Гүлзат Исаматовага көрсөттү.

Көргөзмө аянтчасында «Санариптик инженерия» окуу-илимий лабораториясынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул лабораториянын ишмердүүлүгү заманбап технологияларды курулушка, өнөр жайга, энергетикага жана экологиялык мониторингге киргизүүгө багытталган.

Ысык-Көлдү сактоо үчүн санариптик чечимдер

Адистер тарабынан Ысык-Көл жээктеринин санариптик модели түзүлгөн. Бул модель көлдү азыктандыруучу суу ресурстарын паспорттоого, ошондой эле экологиялык жана кадастрдык мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Алынган маалыматтар Кыргызстандын суу ресурстарын сактоо боюнча келечектеги изилдөөлөрдүн жана чечимдердин негизи болот.

Энергетика жана курулуштагы жаңы технологиялар

Форумда энергетика тармагында учкучсуз технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү. Атап айтканда, күн электр станцияларын тейлөө, күн панелдерин тазалоо, жабдуулардын кемчиликтерин аныктоо жана диагностикалоо үчүн жаңы ыкмалар сунушталды.

Мындан тышкары, жол курулушунда лазердик 3D-сканерлөө жана LiDAR технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле курулуш процесстерин санариптештирүү боюнча комплекстүү системалар тааныштырылды.