Кыргызстанда өтүп жаткан масштабдуу эл аралык окуялар өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын жогорулатууда. Бул тууралуу Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Орунбековдун айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы сыяктуу ири долбоорлордун ийгиликтүү өткөрүлүшү Кыргызстандын кооз жаратылышына болгон кызыгууну арттырууда. Натыйжада, өлкөгө келген туристтердин жана белгилүү инсандардын саны өсүү тенденциясын көрсөтүүдө.

Алар мекенибизди дагы бир жолу жакшы жагынан дүйнөгө таанытат
Дайырбек Орунбеков

Ошондой эле, 1-декабрда Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо Резорт» туристтик жайынын ачылышына катышуу үчүн дүйнөлүк жылдыздар, блогерлер жана медиа чөйрөсүнүн белгилүү өкүлдөрү Кыргызстанга келе жатканы айтылды.