Чүй облусу боюнча иш жүргүзүүдө Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Нурманбетов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз таштанды төгүлгөн жерди текшерип чыгышты. Текшерүүнүн учурунда ал жерде таштандылардын күйүп, түтүн чыгарып жаткан учурлары аныкталган.

Мындай окуялардын натыйжасында абага парниктүү газдар бөлүнүп чыгып, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс таасир этүү коркунучу жаралат. Ушул себептен улам, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыз кыла албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу өкүлдөрүнө тийиштүү көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлгөн.

Министрлик тарабынан таштандыларды тазалоо жана аймакты санитардык нормаларга ылайык келтирүү боюнча көрсөтмөлөр берилген. Кабыл алынган чаралардын натыйжасында аталган аймак катуу тиричилик таштандылардан тазаланып, таштанды төгүлгөн жердин тегереги иретке келтирилди.