Кыргызстанда атаандаштыкка түз шарттар жана жергиликтүү, ошондой эле чет өлкөлүк ишкерлер үчүн колдоо чаралары түзүлгөн. Бул тууралуу «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес — ачык диалог» форумунун алкагында 27-ноябрда журналисттерге берген маегинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКФР) башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков айтты.
Анын айтымында, өлкөгө чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү олуттуу деңгээлде байкалууда. Өнөктөштүк долбоорлордун саны, анын ичинде Россия менен биргеликтеги ишканалардын саны өсүп жаткандыгы бизнес жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнүн ачык экенин тастыктайт.
Ошентип, өлкөдө ишкерлик жүргүзүү үчүн бирдей шарттар түзүлгөн, ошондой эле жергиликтүү да, чет өлкөлүк да бизнести коргоо жана коопсуздук механизми камсыз кылынууда.
Инвесторлор үчүн колдоо көрсөтүүдө алардын кайсы өлкөдөн келгенине карабастан, бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет. Колдонула турган куралдардын катарына субсидияланган каржылоо, кредиттик ресурстар жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион доллардан ашык инвестиция салынганда инвестициялык келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү кирет.
10 000 000 доллар
Инвестициялык келишимдерди түзүү үчүн талап кылынган минималдуу сумма.











