Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Бишкек – Ош автожолунун «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду. Бул чектөө бүгүнкү күндүн саат 11:15 иден баштап күчүнө кирди деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Аба ырайынын өзгөрүшү, кар жаап жана жолдордо муз катталышы жол кыймылына терс таасирин тийгизүүдө. Жол транспорттук инспекциясынын сунушу менен бул чектөөлөр жол кырсыктарынын алдын алуу жана унаалардын токтоп калышын болтурбоо үчүн киргизилди.

Кыймыл кайра качан калыбына келери тууралуу маалымат кошумча берилет. Бул чектөөлөр бардык түрлөргө кирген жүк ташуучу транспортторду камтыйт.