Чүй облусунун Кош-Коргон айылында үй тиричилик таштандыларынын мыйзамсыз топтолгон жери тазаланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын инспекторлору текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн учурунда белгиленбеген жерге таштандыларды мыйзамсыз топтоо фактысы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймак таштандылардан тазаланды. Ошону менен бирге, мыйзам бузууларга жол берген адамдардын карамагына мыйзам чегинде тийиштүү административдик чаралар көрүлдү.