Табигый ресурстар министрлигинин адистери Чүй облусундагы катуу тиричилик калдыктарынын (КТК) таштанды төгүлүүчү жерлерин текшерүү үчүн атайын чыгуу жүргүздү. Бул иш-чаранын алкагында райондук акимдер, шаар мэрлери жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушуулар уюштурулду.
Текшерүү учурунда бардык стихиялуу таштанды төгүлүүчү жерлерде техникалык долбоорлоонун жоктугунан жана дегазациялоо системасынын жоктугунан улам туруктуу өрттөр жана түтүндөр (парник газдарынын бөлүнүп чыгышы) байкалган. Ошондой эле биологиялык калдыктардын катуу тиричилик калдыктары менен аралашып кеткени аныкталды, бул экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык нормалардын одоно бузулушу болуп саналат.
Министрлик ар бир таштанды төгүлүүчү жердин абалына анализ жүргүзүп, дрондар аркылуу каттады, ошондой эле таштанды төгүлүүчү жерлердин тегерегинен суунун жана топурактын үлгүлөрүн алды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу өкүлдөрүнө көрсөтмөлөр берилип, административдик чаралар көрүлдү жана жерлердин бузулушунан келтирилген зыян үчүн соттук исктер бекитилди.
- ар бир айылда стихиялуу таштанды төгүлүүчү жерлердин пайда болушу
- таштанды төгүлүүчү жерлердин дээрлик баарында өзүнөн-өзү күйүү жана түтүн чыгуу процесси
- биологиялык калдыктардын (үй жаныбарларынын жана канаттуулардын өлүктөрүнүн) катуу тиричилик калдыктары менен аралашуу
- таштандылардын турак жай аймактарында жана дарыялардын боюнда стихиялуу түрдө жайгашуу
- сортуу жана кайра иштетүү тажрыйбасынын таптакыр жоктугу
- санитардык-коргоо жана суу коргоо зоналарын сактай электиги
- аба жолунун чегинде жайгашуу
Текшерүү учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча иштин уюштурулушу жана координациясы начар экени белгиленди.











