Бул масштабдуу долбоор Сокулук районунун Белек айылынын жанында жайгашкан 114 гектар жер аянтында ишке ашырылат. Келечектеги комплекстин архитектуралык чечимдери жана негизги объекттери менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Комплекстин негизги көрсөткүчтөрү

10 000көрүүчү ипподром
25 000көрүүчү кок-бору аренасы
114гектар жер аянты
1,5жыл курулуш мөөнөтү

Долбоордун алкагында ат чабыш жана башка аттуу мелдештерди өткөрүү үчүн ипподром, ошондой эле кок-бору боюнча мелдештер үчүн өзүнчө арена курулат. Мэр Айбек Жунушалиев инженердик коммуникацияларды пландаштырууда комплекстин гана эмес, жакынкы айылдардын муктаждыктарын да камсыз кылууну тапшырды.

Суу менен камсыздоо системаларынын жана башка инженердик коммуникациялардын кубаттуулугун аныктоодо комплексти гана эмес, жакынкы жайгашкан айылдарды да туташтыруу мүмкүнчүлүгүн караш керек. Келечекте алардын тургундары да бул системаларды колдоно алышы керек.
Айбек Жунушалиев, Бишкек шаарынын мэри

Шаар башчысы мурда жарыяланган ири долбоорлор, мисалы «Жаштык» аренасы, таштандыны электр энергиясына айландыруучу завод жана «Чатыр-Көл» долбоору сыяктуу иштер акырындап ишке ашып жатканын белгиледи. Улуттук ат чабыш комплекси да ушул тартипте курулуп, бир жарым жылдын ичинде бүтүрүлүүсү пландалууда.