Иссык-Атин районундагы Красная Речка айылында таштандылар полигонунда өрт чыгып, ал облустук экология жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан иликтөөгө алынды.
Текшерүүдө Нурманбет айылындагы муниципалдык ишканасы өрттү толугу менен өчүргөнү аныкталган. Бирок, бул өрт жергиликтүү бийлик тарабынан таштандыларды туура эмес башкаруудан улам келип чыккан.
Экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн Нурманбет айыл өкмөтүнө 23 миң сомдук административдик айып пул салынды жана тиешелүү протокол түзүлдү.











