Чүй облусунун Москов районундагы Петровка айылында социалдык тармактарда кара түстөгү түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу маалыматтар жайылган. Буга байланыштуу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй облустук башкармалыгы текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, №8 түзөтүү мекемесинин аймагында «Асман Кирпич» ЖЧКсы жана Мамлекеттик жазалоо кызмат службынун «Келечек» мамлекеттик ишканасынын катышуусунда инвестициялык долбоордун алкагында кирпич заводу курулуп жаткандыгы аныкталган.
«Келечек» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басарынын маалыматына ылайык, курулуп жаткан откана заманбап технологиялар менен камсыздалган жана атмосферага чыгуучу калдыктарды тазалоо үчүн фильтрациялоо системасы бар. Жабдыктардын иштешин текшерүү максатында сынап иштетүү иштери жүргүзүлгөн.
Бул иштер учурунда, керектүү жөндөө иштери бүтө электе, кыска мөөнөткө кара түстөгү түтүн чыккан. Ишкананын өкүлүндүн түшүндүрмөсүнө караганда, бул процесс болжол менен 20 мүнөт гана созулган, ал эми социалдык тармактарда айтылгандой эки күн эмес. Жабдыктарды жөндөөдөн кийин түтүн чыгуу токтоткон.
Аталган факты боюнча инспекторлор «Асман Кирпич» ЖЧКсына административдик жоопкерчиликке тартып, айып пул салууга чечим кабыл алышты.
28 000 сом айып пул
экологиялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн








