Окутуу иш-чарасы Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган мекеме менен Жогорку сот мектеби жана Адвокаттарды окутуу борборунун ортосунда түзүлгөн кызматташуу меморандумунун негизинде уюштурулган.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар дин жана башка ишенимдердин эркиндигин укуктук жөнгө салуу, конституциялык жана эл аралык стандарттарды эске алуу менен тиешелүү иштерди кароо, ошондой эле сот аткаруучулардын токтомдоруна, аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу иштерин кароонун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, катышуучулар көрсөтүлгөн багыттар боюнча мыйзамдарды колдонуунун практикалык маселелерин карап чыгып, кесиптик тажрыйба алмашышты.

Семинардын жүрүшүндө дин эркиндигин жана сот аткаруучулардын аракеттерине даттануу маселелери талкууланды.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча