Бишкекте жаза аткаруу тутумунда өндүрүштү уюштуруу жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча эки күндүк практикалык тренинг өттү. Ага Министрлер Кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жана «Келечек» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери катышты. Тренингди Ишкердикти колдоо борборунун эксперттери Дастан Турдуев менен Марат Арыкбаев өткөрдү.

Окутуунун жүрүшүндө өндүрүштүк кубаттуулуктарды талдоо, иш процесстерин пландаштыруу, продукциянын өздүк наркын эсептөө жана сапатын көзөмөлдөө маселелери каралды. Мындан тышкары, жаза аткаруу тутумунун ички керектөөлөрүн камсыз кылуу менен чектелбестен, өлкөнүн кеңири рыногуна атаандаштыкка жөндөмдүү продукция чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Талкууларда өндүрүшкө тартуу аркылуу соттолгондордун эмгек көндүмдөрүн өнүктүрүү, шыктандыруу жана коомго кайра аралашуусуна көмөктөшүү маселелери да каралды. Бул кадам соттолгондордун социалдык реабилитациясына салым кошот деп күтүлүүдө.