Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндө 1971-жылы туулган Кадатаев Таалайбек Мукамбетович изделүүдө. Ал Бишкектен Суусамырга чабан болуп иштөөгө кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
Бул тууралуу Turmush басылмасына анын эжеси Эльмира билдирди. Анын айтымында, аны тапкан же маалымат берген адамга 100 миң сом сыйлык каралган.
Окуянын чоо-жайы
- 6-август, 2024-жыл
Бишкектен Суусамыр өрөөнүндөгү 1-Май айылына Ж.А. деген адамга чабан болуп иштөөгө кеткен.
- 10-август, 2024-жыл
Ушул күндөн тартып байланышка чыкпай, кайда экени белгисиз бойдон калууда.
Туугандарынын айтымында, Таалайбек Кадатаев ар кандай жумуштарды аткарып жүргөн, эс тутуму жакшы. Ал ажырашкан, үч кызы жана бир уулу бар.
Өзгөчө белгилери
- Далоосунда
- тырык бар
- Бир колунда
- "Т" тамгасы түрүндөгү кичинекей татуировка
Ал дайынсыз болгон учурда (август айында) кандай кийим кийгени белгисиз.

















