Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары Чингиз Ахматов Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен жолугушту. Жолугушуу кыргыз делегациясынын Азербайжандагы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы укук коргоо органдарынын жетекчилеринин III министрлик жолугушуусуна катышуу үчүн болгон иш сапарынын алкагында өттү.
Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди жана прокуратура органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Кылмыш иштери боюнча эл аралык укуктук жардам көрсөтүү, кылмыш жасаган адамдарды издөө жана өткөрүп берүү, ошондой эле коррупцияга жана транснационалдык кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкүлдөрү прокуратуранын ишине заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүнү талкуулашты. Кыргыз тарап Азербайжандын санариптештирүү, киберкоопсуздук, интернеттеги кылмыштарды иликтөө жана электрондук далилдер менен иштөө тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун катышуучулары Түрк мамлекеттер уюму, Экономикалык Кызматташтык Уюму жана Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн да баса белгилешти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар ведомстволор аралык байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана эл аралык укуктук кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга ниеттенип жаткандыктарын ырасташты.






















