Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Соттук-эксперттик кызматынын адистери К. Садыбакас уулу жана К. Достонбай кызы Бишкекте милициянын республикалык окуу борборунда экстремизм менен терроризмдин заманбап коркунучтары тууралуу лекция окуду.
Лекцияда курсанттарга экстремизм менен терроризм түшүнүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар, экстремисттик багыттагы материалдардын белгилери, ошондой эле бул материалдарды аныктоодо соттук экспертизанын ролу жана кылмыш иштеринде далилдик база түзүү мааниси тууралуу баяндалды.
Бул иш-чара Кыргызстандагы экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата мамлекеттик программа алкагында жана Президенттин Администрациясынын тапшырмасынын негизинде уюштурулду.
Мындай лекциялар милициянын кызматкерлерин заманбап коркунучтарды так билүүгө, алардын алдын алууга жана мыйзам негизинде натыйжалуу күрөшүүгө багытталган.



