Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы жергиликтүү бюджеттин өсүшү жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышын белгилеп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгына токтолду.

Бюджеттик өсүү жана капиталдык салымдар

Садыр Жапаров айткандай, Тогуз-Торо районунун бюджеттик көлөмү 2021-жылы 69 млн сомду түзүп, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 132 млн сомго жеткен. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу болжол менен эки эсеге көбөйгөн. Ошондой эле, “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 2026-жылдын 9 айында Тогуз-Торо районуна капиталдык курулуш тармагы боюнча 6 объектке, жалпысынан 67 млн сом каралып, 2026-жылдын 1-октярына карата 61 млн сом каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

69