Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы жаңы заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Металлстрой» заводу металл конструкцияларды чыгарууга багытталган. Ишкана заманбап лазердик кесүү жана металлды фрезерлөө жабдуулары менен жабдылган. Курулушка жалпысынан 2,5 млн доллар жеке каражат жумшалган.
Заводдун негизги көрсөткүчтөрү
Ачылыш аземинде сүйлөгөн Адылбек Касымалиев өлкөнүн курулуш тармагы жогорку темп менен өнүгүп жатканын, бул курулуш материалдарына жана металл конструкцияларга болгон суроо-талаптын өсүшүнө алып келерин белгиледи.
Төрага завод Манас шаарынын жана бүтүндөй өлкөнүн курулуш тармагын ата мекендик продукция менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганына ишеним билдирди. Келечекте өндүрүштү кеңейтүү жана экспорттук потенциалды жогорулатууга салым кошот деп күтүлүүдө.




































