Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда Кыргызстандагы эң ири долбоорлордун бири болгон тоо кластери «Ала-Тоо Резорт» биринчи этабын ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги билдирди.
Курорт жылына 4 миллионго чейин туристти кабыл алып, болжол менен 7 миң жумуш ордун түзө алат. Учурда объектиде даярдык иштери жүрүп жатат.
Жергиликтүү жашоочулар долбоордон үмүт артышат
Ак-Суу районунун тургуну Самат Суранчиев «Ала-Тоо Резортто» асма жолду тейлөө боюнча адис болуп иштейт. Ал Doppelmayr компаниясынын адистеринен окуудан өткөн.
Ал курорттун ишке кириши аймактын тургундарына туруктуу киреше булагы болорун белгиледи.
Долбоор аймактын экономикасына дем берет
Ак-Суу районунун акими Канат Калдаралиев «Кабар» агенттигине курорттун аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу айтып берди.
Акимдин айтымында, долбоор курулуш жана өнөр жай тармактарына олуттуу дем берип, жергиликтүү бюджетке 100 миллион сом киреше алып келет.
«Ала-Тоо Резорт» долбоорунун күтүлгөн көрсөткүчтөрү
































