3-ноябрда президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушту. Жыйында Семетей айылынын тургуну Нурия Мырзамахмудова инисинин Орусияда кармалганын айтып, жардам сурады.
Анын айтымында, 10-августта иниси Орусияга жүк ташуучу болуп иштөөгө кеткен. Бирок биринчи эле күнү аны кибер алдамчылыкка шектүү катары кармашкан.
Нурия Мырзамахмудова инисине жумуш табууга кыргызстандык Тимур аттуу жигит жардам бергенин кошумчалады. Анын айтымында, бул жигит дагы төрт жигиттин кармалышына себепкер болгон.
ИИМ орун басарынын жообу
Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов иниси аялы менен Орусияга кеткенин, жумушка орношууга Тимур жардам бергенин ырастады.
Садыр Жапаров сот чечимин күтүп, андан кийин экстрадиция маселесин кароону сунуштады.
Дагы кайрылуулар
Дагы бир тургун уулу Москвада баңгизат үчүн алты жылга соттолгонун, азыр Петровкадагы колонияда жазасын өтөп жатканын, 1,8 жылы калганын айтып, президенттен кечирим берүүнү суранды. Ошондой эле Гүлзина аттуу айым алдамчылыкка айыпталган уулуна кечирим сурады.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда экстрадиция боюнча эки тараптуу келишимдер бар, бирок конкреттүү учурларда юридикалык жол-жоболор татаал болушу мүмкүн.






















