Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Акай Кыдыров 4-ноябрда президенттикке талапкер катары катталуу үчүн арыз тапшырды. Ал шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катышууну пландап жатат.

Кыдыров 1991-жылы 16-ноябрда туулган, учурда 35 жашта. Ал ишкердик жана эл аралык логистика тармагында эмгектенген. 2025-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча катышкан. БШКнын расмий жыйынтыгы боюнча, ал 275 добуш (0,65 пайыз) алган, бирок депутаттык мандатка ээ болгон эмес. Бул округда 25 талапкер ат салышкан.

БШКга арыз берген талапкерлер

Ранее по темеБШК аралыктан добуш берүүнү эки ЖОЖдо сынады: 18-ноябрдагы сыноого даярдык
  1. Ишкер Аймен Касеновбиринчи болуп арыз тапшырган
  2. Азамат Эсенбеков
  3. Сыймык Жапыкеев
  4. Акай Кыдыров

Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү боюнча арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда саат 24:00дө аяктайт. Бул мөөнөт БШК тарабынан белгиленген.