Министр природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызстана Акыл Токтобаев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө министр парктын жамааты менен жолугушуп, атайын корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү багытындагы иштерге көңүл бурду.

Парктын өзгөчөлүктөрү

«Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы негизделген. Анын жалпы аянты 12 802 гектарды түзөт. Парктын аймагында арча, карагай, пихта, кайың, сойлоп өсүүчү арча, Талас тереги жана башка өсүмдүк түрлөрү өсөт.

Парк жөнүндө маалымат

12 802гектар жалпы аянты
1996негизделген жылы

Мындан тышкары, паркта аюу, ак илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, коён, марал, тоо эчки, улар, кекилик жана башка жапайы фаунанын өкүлдөрү жашайт. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү бар.