4-ноябрда кечинде Чүй облусундагы «Супара-2» этнокомплексинде өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен комплекстин үч кызматкери жабыркады. Бул тууралуу 24.kg сайтына Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Алмаз Аскаров билдирди.

Бирине амбулаториялык жардам көрсөтүлдү, эки киши уулуу газ менен ууланып, Тез жардам ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Абалы орто оор.
Алмаз Аскаров, Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору

Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бир киши гана ооруканага жаткырылганын, анын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.

Өрт 4-ноябрь кечинде башталып, 1:15те локалдаштырылган.