Аламүдүн районунун Чүнкурчак айылындагы «Супара-2» этнокомплексинде өрт чыкты. Күйүүнүн кесепетинен ашкана жана бир жыгач боз үй күйүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу кабар Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кезекчи бөлүгүнө 4-ноябрда саат 23:30 чамасында келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт саат 21:52де мештин морунан чыккан.
Өрттөн келтирилген зыян
Этнокомплекстин ашканасында 15 ашпозчу иштейт, бирок өрт чыккан учурда имараттын ичинде эч ким болгон эмес. Башка кызматкерлер ошол маалда өз жумуш орундарында болушкан.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч өрт өчүрүүчү унаасы тартылган.
Өрт фактысы боюнча соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Учурда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу жана Таш-Дөбө айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Кошумча маалымат текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча берилет.

















